Талапкерлердин программасын кантип баалоо керек?

«Имидждерге» алдырбаңыз, образ жана стиль «аркылуу» караӊыз жана угуңуз

Эгер шайлоо кыймылдарынын тарыхына көз чаптырсак, анда азыркы шайлоо өнөктүктөрүнүн бир маанилүү өзгөчөлүгүн белгилесе болот. Алардын бардыгы көнүлүн биринчи кезекте визуалдык материалдарга топтошот, ал эми тексттер жана аналитика мурдагыга караганда бүгүнкү күндө өтө аз. Биз билборддор жана плакаттар менен курчалганбыз, дайыма видеороликтерди жана репортаждардан үзүндүлөрдү көрөбүз, мына ушул материалдарда текст толугу менен жок (анын ордуна музыканы угулат) же кыска ураандар жана девиздер менен чектелет. Бул эмне жөнүндө айтат? Бул шайлоочу катары бизде акыл-эстүү тандоо мүмкүнчүлүгү орчундуу кыскарганы, бирок эмоциялар жана ар кандай акылга сыйбас ассоциациялар үгүт материалдарынын таасир эткен чөйрөсүнө дайыма кошулганы жөнүндө айтат. Биздин тандообузду стратегияларды жана программаларды иштеп чыккан саясатчылар жана экономисттер эмес, видеоролик тарткан жана постер чыгарган дизайнерлер жана имиджмейкерлер аныкташат. Шайлоо өнөктүктөрүн жүргүзгөн адамдар биз «стиль үчүн» добуш берерибизди эсепке алышат, ал эми ушул менен стилдин артында турган мазмун айтылган сыяктуудай абалды түзүшөт.

Дал ошондуктан, учурда сабаттуу шайлоочу үчүн «образдар» аркылуу кароого үйрөнүү жана бизге берилген маалыматта рационалдуу курамды бөлүп алууга аракет кылуу өтө маанилүү.

Заманбап өнөктүктөрдүн башка маанилүү өзгөчөлүгү – бул «эмоцияга талап». Айрым талапкерлер кандайдыр бир көрүнүштөргө кыжырданууну мыкты чакыра алышы мүмкүн, ал эми сиз ушул эмоцияны ээрчүү менен, ага добуш берүүгө даярсыз. Эмоцияга алдыруудан мурун ойлонуу керек: бул көрүнүшкө каршы күрөшүү үчүн чындыгында эмне сунушталды? Бул чаралар жөндүүбү, ал тургай туура жана адептүү болуп эсептелеби? Алар кандайдыр бир маанилүү нормаларды же кимдир бирөөнүн укугун бузбайбы? Андан тышкары, талапкер асылган көрүнүш жөнүндө кошумча маалыматты издеп көрсө болот, анын чындап эле кыжырданууга татыктуу экенине ынанса болот. Мисалы, кээ бир саясатчылар «үй-бүлөлүк баалуулуктардын солгундашына» көп шилтеме жасашат жана бизди курчап турган жашоонун кооз эмес сүрөттөрүнө реалдуу кыжырданууну пайда кылышат. Ачууланууга шашылбаңыз, адегенде, алар бул баалуулуктарды кантип бекемдөөнү каалап жаткандыгын талдаӊыз. Алар сапаттуу мектепке чейинки билим берүүнү жеткиликтүү кылууну жана бала бакчалардагы орундардын санын көбөйтүүнү каалап жатышабы? Мындай стратегия жемиштүү. Бирок бул чыгымдарды жана олуттуу саясий чечимдерди талап кылат. Коомдо аялдардан жумуштан баш тартууну жана балдары менен үйдө отурууну жана «иштеп жаткан энелерге таарыныч» маанайын түзүүнү талап кылуу бир кыйла жеңилирээк. Мындай «чечим» эч кандай чыгымдарды талап кылбайт, бирок ал көптөгөн үй-бүлөлөрдү жакырчылыкка түртөт, бул акыры, иштеп жаткан энелерге караганда үй-бүлөлүк баалуулуктарга көбүрөөк коркунуч алып келиши мүмкүн. Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн ортосунда үйдөгү милдеттерди бөлүштүрүү жана жаштар үчүн алар үй-бүлөлүк жашоону жана карьераны ийгиликтүү айкалыштыра турган чыныгы шарттарды түзүү жөнүндө айтуу кыйыныраак. Бирок, жубайлардын бири гана иштеген үй-бүлөлөрдө аялдардын гана эмес, эркектердин да карьерасы кыйрашы мүмкүн. Эркектер акча табууга гана көӊүлүн топтоого гана мажбур болушуп, кесиптик өнүгүүгө эч кандай убакытын бөлө алышпайт. Ал эми, мындай кырдаалдарда эс алуунун татыктуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз кылуунун кажети жок.

Биздин эмоцияларга таасир этүүнүн дагы бир жолу – бул талапкердин жашоосунан кызыктуу окуяны айтып берүү. Бул окуяны кунт коюу менен талдаңыз. Ал бизге талапкердин кесиптик же жеке өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып жатабы? Көбүнчө буклеттерде талапкер үй-бүлөсүн кантип сүйө тургандыгы же биздин боорубузду оорутуш үчүн ал ата-энесиз чоңойгону жөнүндө маалымат камтылат. Көпчүлүк учурларда, эмоцияларга сезимтал жеке маалыматтар талапкердин иши же лидерлик жөндөмдүүлүгү жөнүндө маанилүү маалыматтар менен аралашып кетет. Өтө эле эсептешкен сыяктуу көрүнүүдөн коркпогула - талапкерлерге боор ооругандыктан жана жакшы көргөндүктөн эмес, фактылар жана чыныгы ишмердүүлүк үчүн добуш бериш керек. Бул чебер манипуляция болушу мүмкүн. Талапкерлерге оӊ мамиле жана боорукердик маанилүү, бирок алар добуш берүү үчүн рационалдуу негиз көмүскөдө калбашы керек.

Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү түшүнүӊүз

Партиялардын программалары бул жерде жайгашкан https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/.

Сиз үчүн маанилүү болгон суроолорду изилдеп чыгыңыз. Сиздин оюӊуз боюнча, жеке өзүңүзгө, сиздин коомчулугуңузга жана өлкөңүзгө кандай өзгөрүүлөр керектигин чечиӊиз? Сиз эмнени сактап, эмнени өзгөрткүңүз келет? Ар бир талапкер сунуш кылган программалар сиздин кандай кызыкчылыктарга кызмат кылат? Ой жүгүртүӊүз, варианттарды таразалаӊыз: бир ойго токтолбоңуз - экинчи тараптын жүйөлөрүн угуңуз, Сизди кызыктырган маселелер боюнча сабаттуу аналитика табууга аракет кылыңыз. Каалаган нерсеңизди алуу үчүн компромисске барууга даярсызбы же жокпу, ойлонуп көрүңүз?

Тилекке каршы, көптөгөн талапкерлер түз суроолорго түз жооп бербөөгө аябай аракет кылышат. Көйгөйлөр жөнүндө сүйлөгөн жана чыгымдарды же көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги принциптери кантип иштей тургандыгы жөнүндө эч качан айтпаган адамдарга көңүл буруңуз. Мисалы, талапкердин «Мени дайыма медициналык тейлөөнүн бийик баасы түйшөлтүп келген» деп айтып, андан аркы түшүндүрмөсүз, кандай болсо ошол бойдон калтырып коюу жетишсиз, Ал эми татаал маселени чечүүнүн жашыруун жөнөкөй планым бар деген талапкер ар дайым шектүү көрүнөт, анткени бардык учурда сунушталган программалардын айрым кадамдары жарыяланышы керек - сизге жашыруун убадалар үчүн добуш бергенге болбойт - бир дагы саясатчы ишенимдин мындай деӊгээлине татыктуу эмес.

Суроо бергенден коркпогула! Партиялардын сайттарына жана талапкерлердин социалдык тармактардагы баракчаларына кириӊиз - сураңыз! Өзүңүз талдоочу болуӊуз жана өз ойлоруңузду баракчаңызга жайгаштырыңыз. Акылсыз же компетентсиз көрүнүүдөн коркпоңуз – тактаӊыз келип жаткандыгын жана акылман болбогонуӊуз тууралуу дароо бардыгына эскертиӊиз. Тескерисинче - жоопторду издөө жолундасыз. Балким, Сиздин досторуңуздун жана жазылуучуларыңыздын арасында Сизге жооп алууга же маанилүү маалыматтар жана өз баа берүүлөрү менен бөлүшүүгө жардам берген адамдар табылышы мүмкүн.

Манипуляция техникаларын кунт коюп караӊыз

Жогоруда айтылгандай, заманбап өнөктүктөр негизинен визуалдык маалыматты жайылтышат жана рационалдуу баа берүүдөн четтеп, Сиздин эмоцияларыӊызга түздөн-түз таасир этишет. Көбүнчө визуалдык маалымат эч ким карап чыгууга үлгүрбөгөн сүрөттүн же видеонун кесилген өтө кыска кадрларын камтыган видеороликтер форматында уюштурулат. Кээде бул сүрөттөр экрандын текстине түздөн-түз тиешеси жок болушу мүмкүн, бирок музыка менен айкалышуу Сиздин эмоцияларыӊызга жана сезимдериңизге таасир этет. Көбүнчө, сүрөт жана видео сүрөт диктордун маалыматын чагылдырып турат деген иллюзияны пайда кылат. Мисалы, кадрдан тышкаркы үн өлкөгө ири суммадагы акча же аткезчилик жүк ташылып келингендигин кабарлайт, ал эми сүрөттөрдө жөн эле таңгакталган кутучалар жана кандайдыр бир форма кийип жанында турган адамдар көрсөтүлгөн. Бул сүрөт эч нерсени далилдей албайт, бирок кандайдыр бир атайын операция болгон жерден алынган репортаждын таасирин жаратат, бирок эгер кадрды токтотуп, аны кылдаттык менен карап чыкса, анда бул жөн гана бир нерсени аэропортто түшүрүп жатышат. Ошондой эле, кандайдыр бир окуялар болгон жерден (демонстрациялар, митингдер ж.б.) алынган кадрлар чындыкка дал келбеши мүмкүн. Роликтерге митингдерден кадрлар түшкөн, абдан көп убакыт мурун өткөн жана башка себептер боюнча болгон же таптакыр эле башка өлкөдө болгон учурлар белгилүү. Айрыкча, дайыма каалаган деталдарды көрүү татаал болгон көчөдөгү баш аламандык болгон жерлерден алынган репортаждардан кадрлар менен манипуляция кылышат.

Визуалдык материалдар менен манипуляция кылуудан тышкары, маалыматтын өзү бурмаланган түрүндө берилиши мүмкүн. Ар кандай терс аныктамаларды кунт коюп караӊыз. Мисалы, татаал саясий окуяларга баа берүүдө «эки жүздүүлүк» менен ийкемдүүлүк, же сезимталдуулук менен «жумшактык» ортосундагы чек араны аныктоо жөнөкөй эмес. Ушул учурда тигил же бул сөздүн колдонулушу угарманда же окурманда сөзсүз белгилүү таасир жаратат.

Талапкерлердин жынысына, жашына же этникалык тегине шилтемелерге жол берилбейт жана таптакыр туура эмес - бул мүнөздөмөлөр алардын компетенттүүлүгү жана кесипкөйлүгү менен эч кандай байланышы жок. Бул мүнөздөмөлөрдү эскерүү жек көрүү сөздөрүн жашыруун же ачык колдонуу менен байланыштуу болушу мүмкүн. (Шайлоо өнөктүктөрүндө жек көрүү сөздөрүнүн көйгөйлөрү жөнүндө көбүрөөк маалыматты бул жерден тапса болот http://ca-mediators.net/ru/5379-yazyk-vrazhdy-v-perdvybornom-diskurse-monitoring-i-analiz.html).

Өнөктүктөрдө көбүнчө жалпы жана толугу менен маалыматсыз сүйлөмдөр колдонулат, мисалы: «Биз негизсиз чыгымдарга каршыбыз». Биз билим берүүнүн сапатын жогорулатууну колдойбуз». «Биз жумуш менен камсыз кылуунун өсүшүн жактайбыз». Эгерде бул билдирүүлөрдөн кийин башка жалпы сөз айкаштары кошулуп, конкреттүү чаралар айтылбаса, анда мындай маалыматтын презентациясы Сизди талапкерлердин келечектеги иштери жөнүндө чыныгы пландары жөнүндө жөн эле адаштырат. Бул категорияга мода болуп эсептелген, бирок өзгөчө маани бербеген ар кандай куру сөздөрдү, ошондой эле ырастоо же четке кагуу кыйын болгон «улуттук каада-салтка» шилтемелер кирет. Мындай билдирүү жасаса болот: «Биз мыйзамды жана тартипти жактайбыз!» Бул жакшы угулат, бирок кандай тартип, кандай мыйзамдар экендиги жана кантип камсыздала тургандыгы сүрөттөлбөсө, бул сүйлөм эч нерсени билдирбейт.

Шайлоо өнөктүктөрүнүн олуттуу көйгөйү болуп ар кандай популисттик билдирүүлөр, тактап айтканда, «бейиш» жана татаал маселелерди тез арада чечүү убадасы эсептелет. Эгерде программада кандайдыр бир убадалар кездешсе, анда алардын кандайча ишке ашырылышы мүмкүн экендигин, кайсы мөөнөттө, канчага жана бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстар кайдан алынарын дыкат талдоо керек.

Акыйкатсыз өнөктүктөр иштери жөнүндө каршылаштарынын дарегине ар кандай айыптоолорду колдонуу менен күбөлөндүрөт. Бул, адатта, талапкерлердин өнүгүү стратегиялары жана программалары жөнүндө жетиштүү оң маалыматка ээ эместигин көрсөтөт - антпесе, көйгөйлөрдү чечүү үчүн алар өзүлөрү эмне кыла тургандыган көрсөтүү үчүн эфирдик убакытты жана башка мүмкүнчүлүктөрдү сарпташмак. Мурунку учурларда кээ бир маселелерди (мисалы, партия бийликте турган мезгилде) чече албагандыгы үчүн, каршылаштарга көп нерсени ишендиришет, бирок бул көйгөйдүн масштабы ушунчалык, бир дагы партия аны жалгыз өзү чече албайт, же ошол учурдагы кырдаал кризиске учурап, аны менен күрөшүү мүмкүнчүлүгү болгон эч кимде көйгөй болгон жок. Мындай чабуулдардын мисалы болуп экономикалык каатчылык мезгилинде жумуш менен камсыз кылуу көйгөйлөрүнүн чечилбешине шилтемелер ж.б.

Негизсиз айыптоолор жөнүндө ушактарды формалдуу «туура» сөздөрдүн артында жашырууга болот, мисалы: «Бардыгы менин каршылашымды коррупционер (жаман үй-бүлө мүчөсү, аферист ж.б.) деп айтса дагы, мен мындай деп айтмак эмесмин!» Ушактарды жайылтуунун башка «ылайыктуу жолдору» мындай билдирүүлөргө байланыштуу болушу мүмкүн: «Министрлик тарабынан алынган насыялар, менин каршылашым министр болуп турган учурда, башка максаттарга жумшалгандыгы чындыгында белгисиз».

Сиздин талдооӊуздун натыйжаларын таблицага чогултууга болот. Манипуляция техникаларын кыянаттык менен пайдаланган талапкерлер ишенимге татыксыз экендигине көӊүл бурушуӊуз керек. Алардын программаларына баа берүүгө өзгөчө кылдаттык менен караӊыз.

Адамдар шайлоо процессине катышуу өз укугун ишке ашырган учурда, демократия чындыгында иштейт. Демократияны иштөөгө мажбурлаӊыз – шайлоого катышыңыз!

Не поддавайтесь «имиджам», смотрите и слушайте «сквозь» образ и стиль

Если оглянуться на историю избирательных движений, то можно отметить одну важную особенность современных избирательных кампаний. Все они сосредоточены в первую очередь на визуальных материалах, а текстов и аналитики в них сегодня значительно меньше, чем было раньше. Мы окружены билбордами и плакатами, постоянно смотрим видеоролики и нарезки из репортажей, причем текст в таких материалах или совсем отсутствует (вместо этого звучит музыка) либо ограничивается короткими лозунгами, слоганами и девизами. О чем это говорит? О том, что у нас как у избирателей существенно сузились возможности делать рациональный выбор, но зато эмоции и разного рода иррациональные ассоциации постоянно включаются в сферу воздействия агитационных материалов. Наш выбор определяют дизайнеры и имиджмейкеры, которые снимают ролики и делают плакаты, а вовсе не политики и экономисты, которые разрабатывают стратегии и программы. Те, кто ведет избирательные кампании, рассчитывают на то, что мы проголосуем «за стиль», а содержание, стоящее за этим стилем, как бы подразумевается.

Именно поэтому грамотному избирателю в настоящее время очень важно научиться смотреть «сквозь образы» и постараться вычленить рациональную составляющую в той информации, которая нам предоставляется.

Другая важная особенность современных кампаний – это «запрос на эмоцию». Некоторые кандидаты могут умело вызвать возмущение какими-то явлениями, и вы уже готовы за него проголосовать, следуя этой эмоции. Прежде чем поддаваться эмоции следует задуматься: а что реально было предложено для борьбы с этим явлением? Являются ли эти меры адекватными, или даже корректными и этичными? Не нарушают ли они какие-то важные нормы или чьи-то права? Более того, можно поискать дополнительную информацию о том явлении, на которое нападает кандидат и убедиться в том, что оно действительно заслуживает возмущения. Например, отдельные политики часто ссылаются на «ослабление семейных ценностей» и вызывают реальное возмущение неприглядными картинами окружающей нас жизни. Не спешите возмущаться, проанализируйте, сначала, как именно они хотят эти ценности укреплять. Собираются ли они сделать доступным качественное дошкольное образование и увеличить число мест в детских садах? Такая стратегия продуктивна. Но это требует затрат и серьезных политических решений. Намного проще потребовать от женщин, чтобы они отказались от работы и оставались дома с детьми и создать в обществе соответствующую атмосферу «возмущения работающими матерями». Такое «решение» не требует никаких затрат, но обрекает многие семьи на нищету, что в итоге может гораздо сильнее угрожать семейным ценностям, чем работающие матери. Говорить о разделении домашних обязанностей между всеми членами семьи и создавать реальные условия для молодежи, чтобы они могли успешно совмещать семейную жизнь и карьеру значительно сложнее. Однако в семьях, где работает только один из супругов, может страдать карьера не только женщин, но и мужчин. Мужчины вынуждены сосредотачиваться только на заработке и уже не могут посвящать время профессиональному развитию. А о достойных возможностях для отдыха в таких ситуациях даже говорить не приходится.

Другой способ воздействовать на наши эмоции – это рассказать интересную историю из жизни кандидата. Проанализируйте эту историю внимательно. Говорит ли она нам о профессиональных или личных особенностях кандидата? Зачастую в буклетах содержится информация о том, или о том, как кандидат любит сою семью или о том, что он вырос без родителей, чтобы вызвать наше сочувствие. Во многих случаях личная информация, рассчитанная на эмоции, смешана с важной информацией о работе или лидерских способностях кандидата. Не бойтесь казаться слишком расчетливым или расчетливой – голосовать надо за факты и реальную деятельность, а не за симпатию и сочувствие к кандидатам. Это может оказаться умелой манипуляцией. Положительное отношение и симпатия к кандидатам важны – но они не должны заслонять рациональные основания для голосования.

Разберитесь в приоритетных проблемах

Программы партий находятся здесь.

Изучите вопросы, которые важны для вас. Решите, какие изменения, по вашему мнению, больше всего нужны Вам лично, вашему сообществу и стране. Что вы хотите сохранить, а что хотите изменить? Каким из ваших интересов служат программы, предлагаемые каждым кандидатом? Размышляя, взвешивайте альтернативы: не останавливайтесь на одном мнении – выслушайте аргументы другой стороны, постарайтесь найти грамотную аналитику по интересующим Вас вопросам. Подумайте, готовы ли Вы пойти на компромисс, чтобы получить желаемое?

К сожалению, многие кандидаты очень стараются не давать прямых ответов на прямые вопросы. Обращайте внимание на тех, кто говорит о проблемах и никогда не упоминает о затратах или о том, как будут работать основные принципы решения проблем. Недостаточно, например, чтобы кандидат сказал: «Меня всегда беспокоила высокая стоимость медицинского обслуживания», и оставил все как есть, без дальнейших объяснений. А кандидат, который утверждает, что у него есть секретный простой план решения сложной проблемы, всегда вызывает подозрение, так как в любом случае какие-то шаги предлагаемых программ должны быть озвучены – нельзя голосовать за секретные обещания – ни один политик не заслуживает такого уровня доверия.

Не бойтесь задавать вопросы! Заходите на сайты партий и страницы кандидатов в социальных сетях – спрашивайте! Становитесь сами аналитиком и публикуйте свои мысли на своих страницах. Не бойтесь выглядеть глупо или некомпетентно – предупредите всех сразу, что хотите разобраться и не претендуете на высокую мудрость. Как раз наоборот – находитесь в поисках ответов. Возможно, среди Ваших друзей и подписчиков найдутся те, кто помогут Вам получить ответы или поделятся важной информацией и своими оценками.

Будьте внимательны к техникам манипуляции

Как уже упоминалось выше, современные кампании, в основном продвигают визуальную информацию и воздействуют непосредственно на Ваши эмоции, минуя рациональную оценку. Очень часто визуальная информация организована в формате видеороликов, которые содержат нарезку очень коротких кадров фото или видео, которые никто не успевает рассмотреть. Иногда эти картинки даже могут быть не связаны напрямую с закадровым текстом, но в совокупности с музыкой будут задевать Ваши эмоции и чувства. Очень часто, фото и видео создает только иллюзию того, что фото иллюстрирует информацию диктора. Например, голос за кадром сообщает Вам, что в страну переправили огромную сумму денег или контрабандную продукцию, а на картинках показаны просто запакованные коробки и стоящие рядом люди в какой-то униформе. Эта картинка ничего не доказывает, но создает впечатление репортажа с места какой-то спецоперации, хотя если остановить кадр и рассмотреть его внимательно, окажется, что это просто что-то разгружают в аэропорту. Так же несоответствующими действительности могут быть кадры с места каких-то событий (демонстраций, митингов и т.д.). Известны случаи, когда в ролики попадали кадры с митингов, которые проходили очень давно и по другим поводам или, вообще имели место в другой стране. Особенно часто манипулируют кадрами из репортажей с мест уличных беспорядков, на которых, сложно разглядеть любые детали.

Помимо манипуляций с визуальными материалами сама информация может подаваться в искаженном виде. Будьте внимательны к любым негативным определениям. Например, в оценке сложных политических событий бывает непросто провести границу между «двуличием» и гибкостью, или между отзывчивостью и «мягкотелостью». Между тем употребление того или иного слова неизбежно создает определенное впечатление у слушателя или читателя.

Недопустимы и абсолютно некорректны ссылки на пол, возраст или этническое происхождение кандидатов – эти характеристики никак не связаны с их компетентностью и профессионализмом. Упоминание этих характеристик также может быть связано со скрытым или явным употреблением языка вражды. (Подробнее о проблемах языка вражды в избирательной кампании можно ознакомиться здесь).

Очень часто в кампаниях используются общие и совершенно неинформативные фразы, типа: «Мы против необоснованных расходов. Мы за повышения качества образования. Мы за рост занятости». Если за данными утверждениями следуют другие общие фразы и не называются конкретные меры, то такое представление информации просто вводит Вас в заблуждение по поводу реальных планов кандидатов об их будущей работе. К этой категории можно отнести и различные пустые фразы, которые являются модными, но при этом не несут особого смысла, а также ссылки на «национальные традиции», которые сложно подтвердить или опровергнуть. Можно сделать заявление: «Мы за закон и порядок!» Это хорошо звучит, но без описания того, какой именно порядок имеется ввиду и какими законами и как он будет обеспечен, эта фраза ни о чем не говорит.

Серьезной проблемой избирательных кампаний являются различные популистские заявления, а именно – обещание «рая» и быстрого решения сложных вопросов. Еслив программе какие-то обещания присутствуют необходимо внимательно анализировать то, насколько они осуществимы, в какие сроки, какой ценой и откуда будут взяты ресурсы на решение данных проблем.

О недобросовестном ведении кампании свидетельствует использование любого рода обвинений в адрес оппонентов. Это, как правило, говорит о том, что положительной информации о стратегиях и программах развития у кандидатов недостаточно – иначе они бы тратили эфирное время и другие возможности на то, чтобы показать, что они сами собираются делать для решения проблем. Часто оппонентам приписывают неспособность решить какую-то проблемы в прошлом (например, пока партия была у власти), но масштабы этой проблемы таковы, что ее не под силу решить в одиночку ни одной партии, либо ситуация в этот момент была кризисной и возможности справляться с проблемами не было ни у кого. Примером таких нападок могут служить, например, ссылки на нерешение проблем занятости в период экономического кризиса и т.д.

Слухи необоснованные обвинения могут быть скрыты за формально «корректными» высказываниями, типа: «Хотя все говорят, что мой оппонент коррупционер (плохой семьянин, мошенник и т.д.), я бы не стал так утверждать!» К подобным высказываниям можно отнести и другие «приемлемые способы» распространения слухов: «Достоверно неизвестно, что кредиты полученные Министерством, в то время как мой оппонент был министром, были потрачены не по назначению».

Результаты Вашего анализа можно собрать в таблице. Обратите внимание на то, что кандидаты, которые злоупотребляют техниками манипуляции, скорее всего не заслуживают доверия. Отнеситесь к оценке их программ с особым вниманием.

Демократия действительно работает только тогда, когда люди реализуют свое право на участие в избирательном процессе. Заставьте демократию работать - примите участие!